Депутат: арзан айыл чарба кредиттери элге жетпей, баягылар эле алып жатат

Быйыл элеттеги фермер, дыйкандарга 3 миллиард сомдук жеңилдетилген кредит берүү каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Арзан пайыз менен берилген айыл чарба кредиттери элге жетпей жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев билдирди.
Анын айтымында, аталган насыялар боюнча эл аябай нааразы болуп жатат.
"Алты пайыздык айыл чарба кредитин берип жатабыз дейбиз, бирок элге жетпей жатат да. Баягылар эле алып жатат, иштеп жүргөндөр жолдорун билет экен да. Карапайым элге жеткирүүнүн жолун издешибиз зарыл. Болбосо муну жөн эле коюш керек, элди экиге бөлүп ызы-чуу кылбай. Өкмөт менен отуруп иштебейлиби, карапайым элдин катмарына жетсин, болбосо жарыя кылбай эле коюш керек. Чоң көйгөй ушул", — деди Түлөбаев.
Белгилей кетсек, быйыл "Айыл чарбасын каржылоо – 11" долбоорунун алкагында элеттеги фермер, дыйкандарга 3 миллиард сомдук жеңилдетилген кредит берүү каралган.
Ишкерлерге 2% менен 100 млн. сомго чейин насыя бериле баштады. Жол-жобосу