Чарчоосу жазылбагандарда кандай оорулар болушу мүмкүн? Адистин түшүндүрмөсү

Невролог катуу чарчоо кадимки эле көрүнүш экендигин, ал үчүн санаа тартуунун кажети жоктугун айткан. Бирок чарчоо эс алгандан кийин да кетпесе организм кандайдыр бир илдеттерден кабар берип жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Россиялык невролог Ольга Голубинская чарчоонун түрлөрү тууралуу Sputnik радиосуна айтып берип, кандай учурда дарыгерге кайрылуу зарылдыгына токтолду.
Адистин айтымында, жумуштан кийин шалдырап чарчоо – бул дарыгерге кайрылууга себеп эмес.
"Түнкү нөөмөттөн кийин, жумуш боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн соң күчүңүз жок болуп шалдырап калсаңыз – бул кадимки эле чарчоо. Мындайда киши эс алып уктап алган соң калыбына келип калат, кадимкидей кайра ишке киришет. Бирок уктап эс алгандан кийин, ал тургай эмгек өргүүсүнө чыгып келгенден кийин дагы шалдыраган абалда жүрсө дарыгерге кайрылуу керек. Чарчаңкы жүргөнгө кошулуп уйку бузулса, жашоого болгон кызыгуу, табит жоголсо же тескерисинче, тамакты көп жеп баштаса психиканын бузулушунан, эндокриндик системанын талаптагыдай иштебей жатканынан кабар берет. Адам депрессияда, депрессиянын баштапкы стадиясында болсо, калкан безинин иштеши бузулса, кант диабети пайда болсо да жогорудагыдай белгилер болот", – деди Ольга Голубинская.
Ал эгерде адам жумалап чарчап жүргөнүн байкаса, адегенде терапевтке барганы туура экендигин кошумчалады. Терапевт кандан анализ алууга, флюорографияга, гастроскопия жана башка анализдерди тапшырууга жөнөтөт. Органдарда маселе жок болсо неврологго же психотерапевтке барууга туура келет.
"Кээде чарчоосу жазылбай жүргөн адамга бир аптада эки жолу аз дегенде бир сааттан жөө басуу да жардам берет", – деди адис.
Дарыгер көз тартуу кайсы оорулардан кабар берерин айтты