Ар бейшемби сайын өкмөт ЖКга келип турат. Депутаттар мыйзам кабыл алды

Демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары ар бейшемби сайын өкмөттү парламентке келишине милдеттендирген мыйзам долбоорун кабыл алды.
Аталган демилгени депутат Улан Бакасов сунуштаган.
Тагыраак айтканда, министрлер кабинети ар бейшемби күнү Жогорку Кеңештин жыйналышына келип түшкө чейин депутаттардын суроолоруна жооп берет.
Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин чечими боюнча министрлер кабинетинин төрагасы, анын орун басарлары жана мүчөлөрү, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери мыйзам долбоорлору жана башка маселелер боюнча жыйындарга катышат.
Эгер аталган мыйзамга президент кол койсо күчүнө кирет.
Депутат Бишкек мэрин тааныбай жаткан шаардыктарга "лайфхак" сунуштады