Салык декларациясын кабыл алуунун II этабы башталды

Юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тарабынан салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 31-мартта аяктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды, ал 1-майга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдирди.
Аталган мөөнөткө чейин төмөнкүлөр декларацияны тапшырууга милдеттүү:
жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;
менчигинде салык салынуучу мүлкү, жер тилкеси (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;
юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
илим изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын кызматкерлери. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекемеде, уюмда иштегендер;
мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Эскерте кетсек, юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тарабынан салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 31-мартта аяктады.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Садыр Жапаров жаңы салык мыйзамдарына кол койду. Кандай өзгөрүүлөр болот?