Пентагон башчысы Швецияга барып, анын НАТОго мүчөлүгүн талкуулайт

Финляндия Украинадагы окуялардын фонунда 2022-жылдын май айында НАТОго кирүүнү чечкен.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. АКШнын коргонуу министри Ллойд Остин апрелдин аягында Швецияга барып, анын НАТОго кирүү боюнча пландарын талкуулайт. Бул тууралуу РИА Новости Пентагондун сайтындагы маалыматтарга таянып кабарлады.
Буга чейин Остин Финляндияны Түндүк атлантикалык альянс шериктештигине киргенин куттуктаган.
"Финляндия менен союздаш катары кызматташууга үмүт артам жана Швециянын альянска тезирээк киришин чыдамсыздык менен күтөм. Бул айдын соңунда Швецияга барам, анда НАТОго кирүү пландарын жана аймактык коопсуздук боюнча бир катар маселелерди талкуулайбыз", — деген Пентагондун башчысы.
Финляндия Украинадагы окуялардын фонунда 2022-жылдын май айында НАТОго кирүүнү чечкен. Жакында бул боюнча бардык расмий процедуралар аяктаганы белгилүү болду. Кремль Хельсинкинин мындай кадамына өкүнүп жаткандыгын, Финляндиянын альянска мүчө болушу алардын ортосундагы мамилеге өзүнүн терс таасирин тийгизерин эскерткен. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков блоктун кеңейиши өзүнүн коопсуздугун тактикалык жана стратегиялык жактан камсыздаш үчүн Россияга контрчараларды кабыл алууга аргасыз кыларын айтты.
Эрдоган: Швеция НАТОго кирүү маселесинде биздин колдообузду күтпөй эле койсун