ИИМ айып пулдун туумдарын алып салууну сунуштоодо

Башкармалык кыргызстандыктардын кайрылууларын жана өлкөдөгү экономикалык абалды эске алышканын айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Ички иштер министрлиги жол эрежесин бузгандар үчүн айып пулдун туумдарын алып салууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Башкармалык кыргызстандыктардын кайрылууларын жана өлкөдөгү экономикалык абалды эске алышканын айтууда. Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен жарандардын мамлекеттик органдарга ишеним деңгээли жогорулап, коомдо чыңалуу азаяры айтылат.
Ошондой эле Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, айып пулдун туум акчасын өндүрүүгө (почта кызматы, конверттер, А4 кагазы, картридждер, сот аткаруучулардын чыгымдары) бюджеттик каражаттар көп жумшалат. Мисалы, жыл ичинде 118,4 миллион сом керектелди.
Эске салсак, айып пулга туумдар айдоочуларды өз убагында төлөөгө үндөө үчүн киргизилген. Эң жогорку туум азыр айып пулдун өзүнө барабар. Тактап айтканда, 1000 сом айып пулга жыгылып көпкө чейин төлөбөсөңүз, анын үстүнө 1000 сом туум төлөнөт.
Садыр Жапаров жаңы салык мыйзамдарына кол койду. Кандай өзгөрүүлөр болот?