Борбордук Азияга түз санкция салуудан Батыш утпайт. Эксперт менен маек

Соңку учурда Европа тараптан Кыргызстанга да кыйыр санкциялар салынып калуу ыктымалдуулугу каңкуулана баштады. Өлкө мындан кандай зыян тартып калышы мүмкүндүгү ойлондурат.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илимий изилдөө кафедрасынын башчысы Улукман Мамытов менен маектештик.
— Батыштан Борбордук Азияга кыйыр санкциялардын салынып калуу ыктымалдуулугу айтылып жатат. Ушундай коркунучтар барбы?
— Ооба, бар. Америка былтыр Кыргызстанды КМШдагы Россияга жардам бере турган, экономикалык жактан көз каранды мамлекеттердин катарына кошуп, атайын тизмеге киргизген. Акыркы убакта Россия менен Батыштын мамилеси оорлоп баратат. Керек болсо өзөктүк курал тууралуу да сөз козголуп калууда. Ошондуктан мындай коркунучту четке кага албайбыз. Өкмөт муну алдын ала иликтеп, башка жолдорун карап, даярданып коюшу керек. Мындан мамлекет эмне жоготуп, абалдан кантип чыгууга болорун караштыра жүргөнү оң. Санкциялар негизинен эки түрдө болот. Биринчиси — соода-сатык, экинчиси — каржы санкциясы. Россияга ушул соода санкциясын киргизип, Батыш жаңы технологияларды сатпоону талап кылып жатат. Санкцияны бузгандардын акчасы тоңдурулуп, чара көрүлөрү эскертилген. Доллар менен евро дүйнө жүзүндө абдан күчтүү акча болгондуктан Россияга да каржылык санкциялар оор тийип жатат. Статистикабызды карап көрсөк, Батыш менен көп соода-сатыгыбыз жок. Бирок каржылык жагынан сырткы да, ички да соода-сатыктар, кыймылсыз мүлктү сатуу доллар менен жүрүп калууда. Каржы системасына санкциялар бир топ зыян алып келет. Биз Россия менен да, Батыш менен да нейтралдуу пикирде экенибизди билдирип жатабыз. Саясатыбыз ошондой. Бирок абал курчуй берсе эки жээктин бирин тандоо маселеси кабыргасынан коюлат.
Улукман Мамытов: Америка былтыр Кыргызстанды КМШдагы Россияга жардам бере турган, экономикалык жактан көз каранды мамлекеттердин катарына кошуп, атайын тизмеге киргизген
— Эч кимге эч кандай кедерги тийгизген жокпуз. Бизге санкция киргизгенден Батышка эмне пайда?
— Батыштын негизги багыты — Россияны алсыратуу. Ошол себептен Борбор Азияны Россия менен Кытайдан алыстатуу саясаты жүрүп жатат. Кыргызстанга түз санкция салуудан Батыш утпайт, анткени алар менен соода-сатыгыбыз деле жок. Жөн гана коркутуу. Дүйнө жүзүнүн экономикасы долларга байланышкан. Каржылык жактан "долларлык эсебиңерди жаап коёбуз" деп коркутушу ыктымал. Бул биздин бизнеске кыска мөөнөттүк зыян алып келиши мүмкүн. Бизнестин табияты — кырдаалга тез ыңгайлашуу. Доллар болбой калса ишкерлер башка акча бирдигине өтүүгө аракет кылышат. Мунун баарын Батыш эсептейт. Экинчиден, Борбордук Азияга жасалган мамилени көрүп, башка өлкөлөр да ушул күнгө кабылбоо үчүн бөлөк акча бирдигине өтүүгө кам урат. Ошондуктан бул таяктын бир учу эң ириде Батыштын өз башына тиет. Акыркы учурда юань өсүп жатат. Россия деле сырткы соода жүгүртүүдө юанга өтүп кетиши мүмкүндүгүн айтты. Анын көлөмү — россиялык соода биржаларында абдан көбөйүп, доллардан ашып кетиптир. Негизи санкциянын табияты — экономикалык жактан автономдуулукту жаратып коюшу мүмкүн. Буга Иран мисал. Батыш бажы баш болгон тармактардын статистикасын көрүп турат. 2022-жылдан бери Кыргызстандын тышкы соодасы бир топ өсүптүр. Болгондо да буга чейин сатып албаган жаңы технология, жабдыктарды алып жатыптырбыз. Батыш "Кыргызстан аркылуу башкалар сатып алып жатабы" деген шек менен түз эмес, "Россияга жардам берип, санкцияга каршы чыкпагыла" деп кыйыр коркутуп жатышы ыктымал. Бирок аны далилдеши керек. Санкцияны мамлекетке же өкмөткө эмес, бир-эки ишканага сыноо катарында салышы мүмкүн. Мамлекеттик авиакомпания же чет өлкө менен иштешкен банкка салып койсо, бизге сокку болуп калат. Кыргызстандын банк системасында чет өлкөдөгү бир эле корреспонденттик өнөктөшү бар. Ал түштүк кореялык Кукмин (KB Kookmin Bank) банкы. Ал эми Түштүк Корея соода-сатык, коопсуздук, экономика жагынан Батыш менен аябай байланышкан. Ошол себептен каржы системасында дагы кайсы банк аркылуу сыртка төлөм жөнөтө аларыбызды иликтеп көрүү керек. Азыр Индия менен араб өлкөлөрү эки державанын ортосунда нейтралдуу мамлекеттер. Түркия деле Эрдогандын катуу саясаты менен НАТОго мүчө экенине карабай Батышка баш ийбей жатат. Бирок акыркы учурда буларда инфляция өстү. Сауд Арабиясы, БАЭ, Катар ушу тапта бир топ эле көз карандысыз саясат жүргүзүүдө. Чоң-чоң банктары, колунда куралы бар. Ошондуктан биздин каржы системабыз, өкмөт арабдар менен сүйлөшсө болмок. Анткени алар менен баары эсептешет. Биздин банктар Батыштын чоң-чоң банктары менен түз иштей албайт. Ортодо экинчи иреттеги банктар болушу керек. Ал эми соода-сатык санкциясынан биз көп деле жамандык көрбөйбүз менимче, анткени жаныбызда Кытай деген чоң фабрика турат. Кытайдан жабдык, технология жагын, Россиядан энергетика, нефть, газ, азык-түлүк алабыз. Негизги зыян каржы системасынан келет.
Улукман Мамытов: Батыштын негизги багыты — Россияны алсыратуу. Ошол себептен Борбор Азияны Россия менен Кытайдан алыстатуу саясаты жүрүп жатат
— ЕАЭБдин ичинде доллардан баш тартуу саясаты башталган. Бирдиктүү валютага өтүү да айтылган...
— Бир-эки жума мурун Путин менен Си Цзиньпин жолугуп, бир катар чоң пландарды коюп жатышат. Кадамдар башталууда, биз ал процесске акырындык менен кошулуп жатабыз.
— Бир кезде каржылык көз карандылык болуп калбашы үчүн доллардан баш тартуу процессин баштаганбыз. Же ал начар жүргөнбү?
— Баарыбыз долларга көнүп калыптырбыз. Мында психологиялык фактор күчтүү. Эгер АКШ тараптан эч кандай тепки болбосо, ишкерлерибиз ошондой эле темпте жүрө берет. Мамлекет, Евразия экономика биримдигинде (ЕАЭБ) эмне десе да дедолларизация жылбайт. Доллардан баш тартууну Батыштын санкциясы тездетет.
Ал эми саясат жагынан нейтралдуу болуп, Дүйнөлүк соода уюмуна жана ЕАЭБге да кирип алганбыз. Казакстан деле ушул эки уюмга киргени менен каржылык жана экономикалык жактан Батышка көбүрөөк көз каранды. Бирок, менимче, бир-эки жылда Батыштын экономикасы төмөндөп, таасири басаңдайт, өзү чоң кризиске кирип баратат. Инфляция 10 пайыздан да өстү. Бир жумада 300 миллиард доллар басып чыгарып жиберип рекорд коюшту. Ошол себептен дүйнө жүзүндө ири каатчылык башталды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Россия — Украина чырын курал сыноочу полигон катары пайдаланууда. Маек