Жолуң ачылсын! Депутаттар Абировду кол чабуулар менен узатышты. Видео

Мурунку эл өкүлү күзөтчүнү сабагандан кийин мандатын тапшырып берүүнү чечкен.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары мандатын тапшырган Жаныбек Абировго ийгилик каалап, кол чаап узатышты.
Ал бүгүн парламентке келип акыркы билдирүүсүн жасап, депутаттар менен коштошуп кетти.
Анын сөзүнөн кийин эл өкүлдөрү кол чаап, баары жанына барып кол алышып, кучакташып коштошту.
Абиров курамында болгон "Мекенчил" депутаттык тобунун лидери Элмурза Сатыбалдиев жаш экенине карабай соңку чечими менен улуу муунга дагы саясий жоопкерчиликтин чоң үлгүсүн көрсөткөнүн айтты.
"Мындан ары жаңылбай жүрүңүз. Күнөөнү моюнга албай койсо болот, аны далилдешет. Бирок саясий жоопкерчиликти өзүнө алуу бул баатырдык бүгүнкү күндө", — деди Сатыбалдиев.
Төрага Нурланбек Шакиев экс-депутаттын кийинки иштерине ийгилик каалап, келечеги алдыда экенин айтып, ошол эле учурда жигиттик кылып башкаларга үлгү болгонун белгиледи.
Милиция Жаныбек Абиров мушташкан иштин чоо-жайы эмне болгонун айтты