БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бишкекте таштандыны башаламан ыргыткандарга айып пул салына баштады. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, көрктөндүрүүнү көзөмөлгө алган инспекция "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен биргеликте түнкү рейддерди жүргүзгөн. Натыйжада эки күндүн ичинде үч район боюнча алты тартип бузуучу аныкталып, 45 миң сом айып пул салынган.
"Кээ бир адамдар өнөр жай таштандысын тымызын, көбүнчө түн ичинде акыр-чикир салчу челектерге ташташат. Тигүү цехтери менен мал союучу цехтердеги калдыктарды, курулуш таштандыларын ыргытып кеткендер бар. Бул көбүнчө жабдуулардын бузулушуна жана жүктөгүчтөрдүн ишинин көбөйүшүнө алып келет. Анткени мындай таштандыны жүктөө үч эсе көп убакытты талап кылат", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия кыймылсыз объектилерди курууну жана оңдоону ишке ашырган жеке жана юридикалык жактар "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен курулуш таштандыларын чыгаруу келишимин түзүп, ага ылайык таштанды чыгаруу боюнча адистештирилген компания менен же өз алдынча ишке ашырууга тийиш экендигин эскертти.