Татарскийдин өлүмү: Дарья Трепова эки айга камакка алынды

Россиянын Тергөө комитети Татарский өлтүрүлгөн окуяны теракт деп баалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Москванын Басман соту аскердик кабарчы жана блогер Владлен Татарский (чыныгы аты-жөнү — Максим Фомин) каза болгон Санкт-Петербургдагы кафелердин бириндеги терактыга байланыштуу Дарья Трепованы эки айга камакка алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
"Сот тергөөнүн өтүнүчүн канааттандырып, Трепованы эки айлык мөөнөткө, 2023-жылдын 2-июнуна чейин камакка алуу чечимин чыгарды", — деп айтылат маалыматта.
Жактоочу тарап айыпталуучуга камакка алуу менен байланышпаган баш коргоо чарасын тандоону суранган. Трепованын кызыкчылыгын сотто эки жактоочу макулдашуу боюнча коргоду.
Соттук процесс жабык эшик артында өткөн.
"Тергөө комитети Трепованы "Уюшкан топ тарабынан адамды атайылап өлүмгө алып келген террордук акт жасоо" жана "Уюшкан топ тарабынан жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз алып жүрүү" беренелери боюнча айыптады", — деп билдирди РИА Новости.
Эске салсак, 2-апрелде Санкт-Петербургдагы жардыруудан блогер жана аскердик кабарчы Владлен Татарский каза тапкан.
Анын 32 жашта экендиги жана жаракат алган онго чукул адамдын абалы оор экени айтылган. РИА Новостиге айтып берген маалымат булагы жарылуучу затты кафеге коробкага статуэтка салып Татарскийге белек катары алып келип беришкенин билдирген.
Татарскийдин өлүмүнө шектелип 26 жаштагы Дарья Трепова кармалган.
Татарскийдин өлүмү: бюст тапшырылып, жарылуу болгон учурдун видеосу