Беларусь авиациясы өзөктүк курал менен сокку уруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду

Шойгу бул кадамдар НАТО күчтөрүнүн жогорку деңгээлдеги даярдыгына жана Россия менен Беларустун чек арасына жакын аймактарда альянстын чалгын кызматынын активдешүүсүнө жооп экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Беларустун Аскер-аба күчтөрүнүн айрым учактары өзөктүк ок-дары алып жүрүүгө ыңгайлаштырылды. Бул тууралуу Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Куралдуу күчтөрдүн командачылыгы менен болгон жыйында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Беларустук чабуул коюучу учактар каршылаштын объектилерине өзөктүк ок-дары менен сокку урууга жөндөмдүү болду", — деген Шойгу.
Мындан тышкары, Беларусь армиясына өзөктүк ракеталарды пайдалана ала турган "Искандер-М" комплекстери берилген. Шойгу бул кадамдар НАТО күчтөрүнүн жогорку деңгээлдеги даярдыгына жана Россия менен Беларустун чек арасына жакын аймактарда альянстын чалгын кызматынын активдешүүсүнө жооп экенин белгилеген.
Октябрдын орто ченинде россиялык делегациянын жетекчисинин орун басары Константин Воронцов БУУнун Башкы ассамблеясынын биринчи комитетинин жыйынында "кеп Беларусь Республикасына "Искандер-М" комплекстерин берүү жана СУ-25 учактарын өзөктүк курал алып жүрүүгө ыңгайлаштыруу үчүн техникалык мүмкүнчүлүк берүү туурасында" болуп жатканын билдирген.
Марттын соңунда РФ президенти Владимир Путин Москва менен Минск Беларусь аймагына тактикалык өзөктүк курал жайгаштырууну макулдашканын жар салган. Өлкө башчы бул эл аралык милдеттемелердин бирин да бузбастыгын, анткени куралдын өзү берилбей турганын айткан. Ал жайгаша турчу жайдын курулушу 1-июлга чейин аякташы керек.
Беларуска өзөктүк курал жайгаштыруу. Чечимдин өзгөчөлүгү эмнеде?