Кара-Сууда атырга ууланган балдардын баары ооруканадан чыкты

Өткөн жумада 6-класстын окуучусу атыр чачып ойноп, анын кесепетинен 43 бала ууланган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда атырга ууланып ооруканага түшкөн окуучулардын баары чыгарылды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө балдардын абалы жакшы. Алардын эмнеден ууланганын так аныктоо үчүн окуучулардын канынан анализ алынган.
Эске салсак, 29-мартта Кара-Суу районуна караштуу Таштак айылындагы мектепте 6-класстын окуучусу атыр чачып ойноп, кесепетинен 43 бала ууланган. Алардын 18и ооруканага жаткырылган, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калгандары да болгон.
Сузакта улуу балдардын ур-токмогунан кийин 15 жаштагы окуучу каза болду