БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Социалдык тармактарга Ошто учактын бир канаты дарактын бутактарына тийип калган видео тарады.
Бул көрүнүш боюнча “Манас” эл аралык аба майданынан комментарий беришти.
Анда аэропорт аба кемелерин оңдоо менен алектенген Airline Transport Incorporation компаниясына өзүнүн аянтынан ижарага бергени айтылган. Учак токтотулган жер оңдоп-түздөө иштери жасалган базадан бир канча аралыкта алыс турган. Видеодон аны оңдоо үчүн түртүп келе жаткандыгын көрүүгө болорун белгилешкен.
Аэропорттун администрациясы жергиликтүү бийликтен бактардын бутактарын кыркып коюуну суранышкан менен ал аткарылбай келе жаткандыгын айтышкан.