Кытай Россия жана Индия менен мамилесин бекемдеп, тереңдетүүгө кызыкдар

Өкүлдүн айтымында, эки өлкө өз ара сый-урмат жана пайдалуу кызматташууга негизделген мамилени өнүктүрүүгө багыт алды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Дүйнөдө болуп жаткан катаал өзгөрүүлөрдү эске алып Кытай Россия, Индия жана бардык эл аралык коомчулук менен кызматташууну чыңдоого даяр. Бул тууралуу КЭР ТИМинин расмий өкүлү Мао Нин брифингде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Кытай, Россия жана Индия өнүгүп жаткан мамлекеттер, таасири барган сайын күчөп жатат. Эл аралык жана регионалдык олуттуу өзгөрүүлөр жүрүп жаткан маалда биз эл аралык коомчулук, анын ичинде Россия жана Индия менен мамилени бекемдөөгө даярбыз", — деди өкүл.
Ал кытай тараптын көп тараптуулукту карманып, глобалдуу чакырыктарга жооп берүү үчүн аракеттерди бириктирүүнүн зарылдыгын жайылтууга кызыкдарлыгын белгилеген.
Муну менен катар Мао Нин Кытай менен Россиянын мамилесине өзүнчө токтолгон. Анын айтымында, эки өлкө өз ара сый-урмат жана пайдалуу кызматташууга негизделген мамилени өнүктүрүүгө багыт алды. Бул алаканы "үчүнчү тарапка каршы пайдалануу аракети жок, ошондой эле үчүнчү тараптын кийлигишүүсүнө муктаж эмес".
Буга чейин РФ президенти Владимир Путин Россиянын тышкы саясат концепциясын жарлык менен бекиткен. Анда Россия өзүн Батышка душман деп эсептебей турганы жана жоолашар максаты жок экени айтылган. Бирок Москва АКШнын курсу Россиянын жана жалпы дүйнө элинин коопсуздугуна коркунуч туудурууда деп эсептейт. Документте Кытай жана Индия менен байланышты тереңдетип, алаканы бекемдөөгө өзгөчө басым жасалган. Өлкөнүн Жакынкы Чыгыштагы максаты аймакты тынчтыктын, ынак коңшулуктун жана өнүгүүнүн зонасына айландыруу болуп калмакчы.
Жакшы болбойт. Херш Байдендин саясий келечегин божомолдоду