Жетишсиз уйкунун өлүмгө кептеген кесепетинен кантип арылса болот. Жаңы изилдөө

Адистер уйкусу канбаган адамдар сөзсүз спорт менен машыгуусу керектигин айтат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бир нече айлап уйкунун канбай жүрө берүүнүн кесепетин кантип жойсо болорун Кытайдын Гуанчжоу медициналык университети менен Гонконг окуу жайынын окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөгө таянып “Доктор Питер” басылмасы жазды.
Адистер уйкусу канбаган адамдар сөзсүз спорт менен машыгуусу керектигин айтат.
Мындай бүтүм чыгаруу үчүн авторлор 92 221 кишини изилдөөгө алышкан. Адистер алар менен иштеген эки жыл аралыгында мынча кишинин арасынан 3 080 адам каза болгон. Жыйынтык чыгарууда алардын уйку жана спорт менен “мамилесинен” тышкары, жаш курагы, өнөкөт оорулары, кесиби жана улуту эске алынган.
“Бардык факторлорду эске алган учурда дагы узак убакыт бою уйкунун канбашы адамдын өлүп калуу тобокелдигин 1,63 эсеге көбөйтөрү аныкталды. Ошол эле учурда аз уктап, бирок спорт менен алектенүү, тескерисинче, өлүмдөн 0,73 эсе оолагыраак кылат”, — деп жазылат иликтөөнүн жыйынтыгында.
Адистер мунун себебин активдүү жашоо образы кишини жүрөк-кан тамыр ооруларынан коргойт деп түшүндүрдү.
Өлгөн кишинин сүрөтү, жибек шейшеп... Уктоочу бөлмөгө жолотпой турган нерселер