Алматы полициясынын экс-башчысы Түркияга Кыргызстан аркылуу качып кеткен

Серик Кудебаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана январь башаламандыгы учурундагы кыйноо иштерине айыпталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Алматы облустук полиция департаментинин мурдагы жетекчиси Серик Кудебаев Түркияга Кыргызстан аркылуу качып кеткен. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Сот учурунда Кудебаев 23-март күнү Кыргызстанга чыгып кетип, андан ары "Манас" аэропортунан Стамбулга учуп кеткени белгилүү болгон.
Буга байланыштуу сот прокурордун өтүнүчү менен Кудебаевге эл аралык издөө жарыялап, камакка алуу чечимин чыгарган.
Судьянын айтымында, шектүүнүн коңшулары полицияга аны март айынын соңку күндөрү эч ким көрбөгөнүн айтышкан.
Серик Кудебаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана январь башаламандыгы учурундагы кыйноо иштерине айыпталууда. Прокурор аны 9 жылга эркинен ажыратууну сунуштагандан кийин сотко келбей сот отурумдары беш жолу жылдырылган.
Таңгак акча, курал. Массаж салону боюнча кармалган милиционерлердин видеосу