БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Садыр Жапаров бул ирет Бишкектеги бир катар ооруканаларга күтүүсүз барып, андагы бейтаптардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлап, Эне жана баланы коргоо борборунда тартылган видеону жарыялады.
Ал бейтаптардын ата-энесинен дары-дармекти кантип алып жатканын сурап, препараттар үчүн акча алынбашы керектигин эскертти.
“Оорулуу 17 күн бою жазып берген дарыларын ала албай жатса, анда биз кандай мамлекетпиз? Баарын тендерге шылтай бербегиле, убакыттын өтүшү менен бул балээден кутулабыз”, — деди өлкө башчы.
Жапаров бул күнү балдар ооруканасынан тышкары, Улуттук онкология жана гематология борборунда жана Улуттук фтизиатрия борборунда болду.
Эске салсак, президент айрым дем алыштарда ар кайсы мамлекеттик ишканаларга айтпастан барып, алардын абалын текшерип келет.