Айрым жерлерде үшүк жүрөт. Кыргызстандагы бир жумага карата аба ырайы

Аптанын башында Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас аймактарында үшүк жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Синоптиктер 8-апрелге чейин Кыргызстанда аба ырайы кандай болорун айтып беришти.

Чүй облусу

2-5-апрелде облуста күн ачык болору белгиленди. 7-8-апрелде айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Бишкек шаарында дагы ушундай эле аба ырайы болот.

Талас облусу

2-4-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. 5-апрелден 8-апрелге чейин айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ош облусу

2-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Аймакта 2-3-апрель түндөрү үшүк жүрүп, абанын температурасы -3кө чейин төмөндөйт. 4-апрелде күн ачылып, кайрадан жума аягына чейин айрым жерлерде өткүн өтүп, жаан жаашы күтүлөт.

Жалал-Абад облусу

2-апрелде күндүз айрым жерлерде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшөт. 3-5-апрелде күн ачык болот. Ал эми 6-7-8-апрелде кайрадан жаан жаайт.

Баткен облусу

2-3-4-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. 5-6-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 7-8-апрелде айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Ысык-Көл жана Нарын облустары

2-6-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. 7-8-апрелде айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Апрель айында аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу