Көөнө Сөз

Манасчы "норка" деген сөздүн кыргызчасын айтты

"Көйкашка" коомдук фондунун мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздү чечмелеп берди.
Sputnik
Терисинен тумак, шуба жасалган норканын кыргызчасы Манаста "булгун" деп айтылат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, "Манас" эпосунун 90дой вариантында көптөгөн көөнө сөздөр кездешет.
"Норка тумак, норка шуба" деп жаныбардын кымбат терисинен жасалган кийимдерге баа берилет. Манастагы маанисин билбегендиктенби, жаныбарды дагы ошол бойдон "норка" деп атап жүрөбүз. Бирок эпосто дал ушул норка дегенди түшүндүргөн "булгун" деген сөз кездешет. Ал жаныбардын терисинен чапан, көбүнчө баш кийим жасалганы сюжетке жараша кездештирүүгө болот", — деди Талантбеков.
Манасчы көөнө сөздөрдү күнүмдүк колдонууга өтүү менен тилди байытууга болорун кошумчалады.