Үшүк жүрөт. Ош облусу боюнча аба ырайынын бир жумалык божомолу

Аймакта жуманын башында үшүк жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы боюнча божомолун таратты.
Облустун аймагында 2-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде 2-3-апрель түндөрү абанын температурасы -1…-3 градуска чейин түшүп, үшүк жүрөт.
4-апрелде кайрадан жаан жаап, эртеси күн ачылат.
6-7-8-апрелде айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы божомолдонду.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 3-4-апрелде айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Апрель айында аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу