Жаан-чачындуу болот. Баткен боюнча бир жумага карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Синоптиктер алдыдагы аптада Баткен облусунда аба ырайы кандай болорун айтып беришти.
2-апрелден 8-апрелге чейин күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
5-6-7-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 3-4-апрелде айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Апрель айында аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу