Радио

Он миң аз камсыз бүлөгө 100 миң сомдон берилет. Чоо-жайы

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Наргиза Туркебекова "социалдык келишим" долбоору тууралуу айтып берди.
Sputnik
Он миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилип, аларды жакырчылыктан чыгаруу мерчемделүүдө. Бул тууралуу Наргиза Туркебекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган долбоор жакырчылыкты жоюуга багытталган.
"Президенттин 2026-жылга чейинки өнүктүрүү программасынын алкагында аз камсыз үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу үчүн "социалдык келишим" долбоору иштелип чыккан. Долбоор Жумгал жана Кадамжайда сыналды. Талап боюнча, үй-бүлө аз камсыз, эмгек потенциалы бар болушу керек. Мындан тышкары, бизнес-идея жана аны ишке ашырууга жөнөкөй шарт, башкача айтканда, мал багам десе сарай, тигүүчүлүк кылам десе бөлмө болушу зарыл. Жогоруда айтылган эки райондон 50дөн жалпы 100 үй-бүлө тандалып, кайтарымсыз негизде 100 миң сомдон берилген. Ал каражатка жарандар бизнес-идеяларын ишке ашырууга белсенишкен. Министрлик тарабынан бизнес-план түзүү, каржылык сабаттуулук боюнча окутуулар жүргүзүлүп турду. Ошондой эле ишкерлик туруктуу болгончо колдоо көрсөтүлүп жатты. Натыйжада долбоор 99 пайыз ийгиликтүү болуп, республика боюнча жайылтуу максатталган. 2022-жылы бюджеттен 292 миллион сом бөлүнүп, өлкө боюнча 2 800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген. Алардын 69 пайызы айыл чарба, 24 пайызы тигүүчүлүк багытында бизнес-план түздү. Натыйжада былтыр 15 миңден ашуун адам оор турмуштук кырдаалдан чыкты. Быйыл аталган долбоорго мамлекет 1 миллиард 36 миллион сом бөлүп, 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берүү пландалууда", — деди Туркебекова.
Ошондой эле ал ар бир районго квота бөлүнүп, сертификаттар бериле баштаганын кошумчалады.