Улуттук онкология борборуна 1 млн. евролук эки аппарат сатып алынды

Тиешелүү адистер: дарыгерлер, инженерлер, физиктер окутуудан өткөрүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Улуттук онкология жана гематология борборунун брахитерапия бөлүмүнө бейтаптарды нур терапиясы менен дарылоо үчүн эки жаңы брахиаппарат сатып алынды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Министр Гүлнара Баатырова аталган ооруканага барып, жабдууларды карап чыгып адистердин иши менен таанышкан. Аппараттардын жалпы баасы 1 миллион 400 еврону түзөрү белгиленди.
Министр Гүлнара Баатырова аталган ооруканага барып, жабдууларды карап чыгып адистердин иши менен таанышкан
"Тиешелүү адистер: дарыгерлер, инженерлер, физиктер окутуудан өткөрүлдү. Улуттук онкология жана гематология борборунун брахитерапия бөлүмүндө жыл сайын гинекологиялык оорулар менен жабыркаган 300 аял дарыланып келген. Дагы эки жаңы аппараттын орнотулушу менен гинекологиялык гана эмес, башка оорулар менен да келген бейтаптарыбызга көрсөтүлгөн нур терапиясынын көлөмүн көбөйтө алабыз", — деп айткан оорукананын директору Бактыгүл Султангазиева.
Ошондой эле борбордун поликлиникасын оңдоого бюджеттен 31 миллион сом бөлүнгөнүн, курулуш иштери жакынкы аралыкта башталарын маалымдаган.
Рактын так аныкталышы — дарттан арылуунун башаты. Кыргызстандагы жаңы ыкмалар