Түрк парламенти Финляндиянын НАТОго киришин ратификациялады

Түркия НАТОнун жаңы мүчөсү боюнча альянска кирген мамлекеттердин ичинен эң акыркысы болуп добушун берди.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Түркиянын парламенти жумага караган түнү Финляндиянын НАТОго мүчөлүгү боюнча протоколду ратификациялады. Бул туурасында Sputnik Түркия жазды.
"Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүн ратификациялоого макулдугун 276 депутат билдирип, сунуш жактырылды. Финляндияны жана анын жарандарын куттуктайбыз", — деген парламенттин спикери Хайдар Акар.
Дүйшөмбү күнү Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүн Венгриянын парламенти колдогон эле. Түркия бул маселе боюнча альянс мүчөлөрүнүн ичинен эң акыркысы болуп добушун берди.
Финляндия менен Швеция Украинада болуп жаткан окуялардын фонунда 2022-жылы май айында НАТОго кирүү боюнча арызын берген. Түркия алгач аталган арыздарды кароо процедурасына чектөө койгон, бирок кийинчерээк 29-июнда Анкара, Стокгольм жана Хельсинки түрк тараптын бардык түйшөлүүлөрүн эске алган меморандум кабыл алган.
Түркия парламентинин тышкы саясат боюнча комиссиясы 23-мартта Финляндиянын НАТОго мүчөлүгү боюнча протоколун ратификациялоону карап, жактырып, андан соң межилистин кароосуна жөнөткөн.
Эрдоган: Швеция НАТОго кирүү маселесинде биздин колдообузду күтпөй эле койсун