Министр дээрлик бир кылым мурун курулган китепканага барды

Жалал-Абад облустук китепканасы 1926-жылы июль айында түзүлгөн. Алгачкы фонду 892 нускадагы китептен туруп, 50-60 гана окурман катталган. Аларды бир китепканачы тейлеген.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында облустук китепканадан да кабар алды. Мекемеден маалымдагандай, министр имаратты көрүп чыгып анын эскилиги жеткенине күбө болду.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында облустук китепканадан да кабар алды
Максутов китепкананын кызматкерлери менен жолугуп, эски имаратта иштөөнүн кыйынчылыктары, китеп фондунун жетишсиздиги, кызматкерлерге түзүлгөн шарттар жана туруктуу окурмандардын саны тууралуу маалыматтарды уккан. Китепкана жетекчиси жаңы китепкана куруу үчүн курулуштун долбоордук документтери даяр экендигин билдирип, аны чечүүгө көмөктөшүүнү суранды.
"2023-жылы республикалык бюджеттен китеп басып чыгаруу жана которуу иштерине акча каражаты каралып жатат. Китеп фондун толуктоого чоң мүмкүнчүлүк болот. Имараттын абалы менен таанышканым туура болду, бул маселени чечүү үчүн тиешелүү тараптарга маалымат берилет", — деди Максутов.
Ошондой эле ал китепканачыларга алдыдагы аттестацияга тиешелүү деңгээлде даярданып, аны татыктуу өтүү боюнча тапшырма берген.
Жалал-Абад облустук китепканасы 1926-жылы июль айында түзүлгөн. Ал алгачкы коомдук китепкана деп аталып, бир гана тейлөө бөлүмү болгон. Алгачкы фонду 892 нускадагы китептен туруп, 50-60 гана окурман катталган. Аларды бир китепканачы тейлеген.
"Учурда Жалал-Абад облустук китепканасы облустун аймагындагы 192 китепканага усулдук жардам көрсөтөт. 90 жылдан ашык тарыхы бар облустук китепканада филиалдарды бириктиргенде жалпы 28 кызматкер иш алып барат", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Китепкана, театр, музейлердин 12 миң кызматкери аттестациядан өтөт