БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен The Wall Street Journal басылмасынын журналисти Эван Гершковичтин кармалышынан улам Россияда жүргөн америкалыктарды тез арада өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. Аткаминердин билдирүүсүн АКШнын Мамлекеттик департаменти таратканын РИА Новости билдирди.
"АКШнын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын коопсуздугу Мамдепартаменттин эң жогорку приоритети болуп саналат. Биз РФтин аймагында жүргөн мекендештерге кооптуулук тууралуу чечкиндүү эскертүүлөрдү дагы бир ирет кайталайбыз. Россияда жашап же саякаттап жүргөн Американын жарандары тез арада өлкөдөн чыгып кетиши керек. Бул сапарга чыгуучуларга сунуштама катары да жазылууда", — деди Блинкен.
Мамкатчынын айтымында, анын ведомствосу америкалык журналисттин кармалышы боюнча WSJ басылмасынын өкүлдөрү менен байланышта болууда.
Буга чейин Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы WSJ агенттигинин Москвадагы бюросунун кабарчысы Эван Гершковичти АКШ өкмөтүнүн кызыкчылыгына тыңчылык кылган деген шек менен Екатеринбургдан кармаган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, америкалык репортер россиялык аскер-өнөр жай ишканаларынын бири жөнүндө мамлекеттик купуя сырды камтыган маалыматтарды чогулткан. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Гершковичти жашыруун иш кылып жаткан жеринен кармашканын айтты.
Ал эми WSJ журналистине коюлган айыпты четке кагып, аны тез арада бошотууну талап кылды. Өз кезегинде Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Гершковичтин Екатеринбургда журналистикага тиешеси жок иштерди жасап жүргөнүн билдирди.