Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина, Тайвань, акталган ураны бар снаряд... Батыш согушту кызытып жаткандай

Эмне үчүн Батыш Россия менен Кытайга кысым кылып, ал эми Япония өзүнүн аскердик макамын өзгөртүүгө белсенди? Пекин менен Москваны бири-биринин "кучагына" ким түрттү? Геосаясаттагы ушундай кырдаалды кыргызстандык аналитик талдап көрдү.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан тарых илимдеринин кандидаты, "Разумные решения" аналитикалык борборунун директору, эл аралык алакалар жаатындагы эксперт Эсен Усубалиевден Улуу Британиянын Украинага байытылган уран кошулган дүрмөттөрдү берүү чечими тууралуу пикирин сурады. Маектешибиз Лондондун мындай кадамына Москва менен Пекиндин ынакташканы себеп экенин белгилейт.
Тарых илимдеринин кандидаты, "Разумные решения" аналитикалык борборунун директору, эл аралык алакалар жаатындагы эксперт Эсен Усубалиев
"Бүгүнкү күндө Россия менен Кытай Батыштын үстөмдүгүнө каршы турууда биримдикти даана көрсөтүп, бул абал глобалдык мүнөзгө өтүүдө. Болгондо да КЭР менен РФти бири-биринин кучагына дал Батыштын саясаты түрттү. Жамааттык Батыш, атап айтканда, АКШ Кытайга экономикалык согуш жарыялап, Россияны кыйратуу боюнча максаттары туурасында да ачык эле айтууда. Мындай шартта аларга бири-бири менен өз ара аракеттешип, Батыштын үстөмдүгүнө альтернатива болчу жаңы күч борборун түптөөдөн бөлөк арга калбайт. Анткени Батыш Украинадагы кырдаалды курчутуу аркылуу Россияны кысымга алууну күчөтүү жөнүндө чечим кабыл алды. Согушту "кызытып", согуштук аракеттерде шейит болгондордун санын көбөйтүү аларга абдан маанилүү. Акталган уран кошулган курал менен жабдуу жаңжалды күчөтөт", — деди Усубалиев.
Анын айтымында, АКШ КЭР менен Тайвандын ортосуна да от салуу аракетинде. "Көпчүлүк Кытай Тайванды кайтаруу үчүн Батыш менен согушка камынууда деп боолголоп жатат. Бирок, менимче, Пекин аралды өз юрисдикциясына тынч жол менен алуу ниетинде. Ошол эле учурда айрыкча Россиянын Украинадагы тажрыйбасын эске алуу менен ал Тайванды Кытайдын ажырагыс бөлүгү катары күч менен коргоо керектигин да даана түшүнүп турат. Дал ушундай көз караштардан улам Пекин менен Москванын стратегиялык жана аскердик-стратегиялык кызматташтыгы өрчүй бермекчи. Анткени КЭР жамааттык Батыш тарабынан өзүнүн суверенитети жана территориялык бүтүндүгүнө түз коркунуч туулуп жатканын туюп турат", — деп боолголоду аналитик.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лондон, уран кошулган снаряддын Борбор Азияга эмне тийиштиги бар? Пикир
Эксперттин баамында Батыш өлкөлөрүнүн ниетин Японияны аскердик макамын өзгөртүүгө түртүп жатышканы да айгинелейт. "Япониянын Конституциясына ылайык, коргонуу күчтөрү гана бар, өзүнүн Куралдуу күчтөргө ээ болуусуна тыюу салынат. Дал ушул себептен АКШнын союздашын "капчыгы калың саясий карлик" деп коюшат, бирок, кыязы, эми кырдаал өзгөрөт өңдүү. Вашингтон япониялыктарды куралдуу жаңжалдарда Америка тарапта аракет эте турган толук кандуу аскер түзүмдөрүн түптөөгө күчтөп түртүп жаткандай. Ошол себептен Тайвандын тегерегиндеги кырдаалды Япония, АКШ жана Тайвандын КЭРдин аралды мыйзамдуу түрдө кайтаруу аракеттерине аскердик жооп жөнүндөгү макулдашуусу бар экенин эске алуу менен караган дурус. Маңызында Батыш Кытайдын территориялык бүтүндүгүнө реалдуу коркунуч жаратууда", — деди Усубалиев.
Ушундай шарттарда негизи Кытай Россиядан башка эч кимге тирене албаганын белгилейт ал. "Албетте, Пекин өзү да бул көйгөйүн чечип алуу дараметинде, бирок Москва менен өз ара аракеттешүү ага Батышка стратегиялык каршы турууга кошумча таяныч болмокчу. Кытай менен Россия өзүнүн суверенитетин коргоодо чөлкөмдөгү аң-сезимдин чегинде гана аракет этпестен, глобалдык маселени чечүүдө. Батыштын агрессивдүү саясаты көзөмөл маселеси деп эсептейм. Глобалдык үстөмдүк кылууда ага Россия менен Кытай кедерги эмеспи, ошондуктан аларды кыйратып же болушунча чабалдатууну көздөйт. Мында Батыш бардык ыкмаларга, анын ичинде уран кошулган курал менен жабдууга да барат", — дейт эксперт.
Ал Си Цзиньпиндин Москвага болгон сапарынан соң дүйнө биротоло көп полярдык өңүткө өтүп, Батыштын саясатын колдогондор азая түшкөнүн баамдаган. "Москва — Пекин" альтернативдик борборуна араб ааламы, Индия, Африка, Түштүк Чыгыш Азия, Латын Америкасы тартылууда, ал эми бул көрсөткүч — планета калкынын дээрлик 60-70 пайызы.
Россия Беларуста тактикалык өзөктүк куралын жайгаштырат