Өлкөдөгү банктардын кредиттик портфели көбөйүп, 204,6 млрд. сомго жетти

Өсүш улуттук валютада берилген кредиттердин көлөмүнүн көбөйгөнүнө байланыштуу экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү февраль айынын аягына карата 204,6 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.
Эгер былтыркыга салыштыра турган болсок, кредиттердин суммасы 11,7 пайызга (183,1 миллиард сом болчу) көбөйгөн.
Насыялар төмөнкү тармактарга алынган (миллиард сом менен):
өнөр жайга — 13,2 (3,4 пайызга азаюу менен);
айыл чарбасына — 36,1 (2,5 пайызга азаюу менен);
соода чөйрөсүнө — 57,1 (1,6 пайызга өсүү менен);
курулушка — 12,5 (2,9 пайызга азаюу менен);
ипотекага — 24,6 (0,8 пайызга өсүү менен);
керектөө үчүн — 34 (2,9 пайызга өсүү менен);
жана башкалар — 27,1 (1,2 пайызга өсүү менен).
Кредит портфелинин өсүшү улуттук валютада берилген кредиттердин көлөмүнүн көбөйгөнү менен шартталганы белгиленди. Анткени быйыл сом менен алынган насыялар 27 миллиард сомго өсүп, ал эми чет элдик валюта түрүндөгүсү 5,4 миллиард сомго кыскарган.
Салык декларациясын тапшыргандарга мамлекет жеңилдик берет. Видео түшүндүрмө