Ош шаардык билим берүү башкармалыгын атайын өрттөгөндөр видеого түшүп калган

Өрт Нооруз майрамы күнү таңга маал саат 5:30да чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Ош шаардык билим берүү башкармалыгына өрт койгон эки адамдын видеосу сырттагы камераларга тартылып калган. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Нооруз майрамы, 21-март күнү таңкы саат 5:30да мекемеден өрт чыгып, бир кабинети жана чатыры күйгөн. Анда шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Салтанат Аманова имараттын дубалдары жыгачтан тургузулуп, ортосуна стекловата коюлгандыктан катуу ысыганда күйүп кетерин айткан. "Бир жолу күндүз ошентип өрт чыкканда дароо көрүп өчүрүп калганбыз. Азыр да ошондой болдубу же электр зымдарынан чыктыбы, айта албайм" деп жооп берген.
Ошол эле учурда ал мекемени прокуратура текшерип жаткан деген маалыматты четке каккан. Өрт чыккан кабинетте да маанилүү документтер болгонун, бирок аны калыбына келтирүүгө мүмкүндүгүн белгилеген. Эң маанилүү делген бухгалтериядагы документтер күйбөгөнүн билдирген.
Бирок социалдык тармактарда мекемеде каржылык мыйзам бузуулар үчүн текшерүү жүрүп жатканын жазышууда. Башкы прокуратура бул маалыматты бир аздан кийин тактап берүүнү убадалады.
Ош шаардык милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренеси ("Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу") менен кылмыш иш козголгонун кабарлады.
"Тиешелүү иш кагаздар чогултулуп, күбөлөр суралууда. Тергөөнүн жүрүшүндө имаратты эки бейтааныш адам өрттөп кеткени билим берүү башкармалыгынын жанындагы имараттын видеобайкоосуна түшүп калган", — деп билдирди милиция.
Кара-Суудагы мектепте 43 окуучу атыр жытына ууланып ооруканага түштү. Чоо-жайы