Ошто банкоматтарды талкалап, акча уурдап жүргөн деп эки киши кармалды. Сүрөт

Колго түшүрүлгөндөрдүн экөө тең мурда бир нече жолу сот жообуна тартылышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Ош шаарында банкоматтарды талкалап, андан акча уурдап жүргөн деген шек менен эки адам кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Тергөөнүн алгачкы маалыматтарына караганда, алар Ош шаарында, облустун Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда кылмыштуу иштерди жасап келишкен.
"Бүгүнкү күндө бул кылмыштуу шериктер 2022-жылдын январынан быйылкы февралга чейин 19 ирет ушундай мазмундагы кылмыш жасаганы аныкталды. Шектүү катары кармалгандар Ош облусунун Ноокат районунун 31 жаштагы тургуну А. уулу Н. жана Ош шаарынын 37 жаштагы жашоочусу Ю.М. Экөө тең мурда бир нече жолу сот жообуна тартылышкан. Кылмыш чөйрөсүнүн идеяларын колдошот", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр тергөө иштери аяктаганга чейин Ош шаарындагы №5 тергөө абагына киргизилди.
"Уулуңуз кырсыктады". Телефондон алдап, акча алып жүргөн шектүү кармалды