БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. УКМК массаж салондорун калкалаган деп Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын үч кызматкерин кармаган учурдун видеосун жарыялады.
Кадрдан милиционерлердин үйүн, иштеген жерин жана массаж салонун тинтүү учурунда ири суммадагы акча, курал-жарактар чыкканын көрүүгө болот.
Атайын кызмат кармалгандар борбор калаадагы массаж салондордун ээлеринен акча алуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкандыгы аныкталганын билдирген. Алар негизсиз рейддерди жүргүзүп, салон ээлеринен "калкалайбыз" деп ай сайын акы алып турушкан.
Бул иш ачыкталгандан кийин Биринчи май РИИБдин башчысы Мирлан Ниязалиев, анын ыкчам иштер боюнча орун басары Улан Орозалиев, кадр иштери боюнча орун басары Эрмек Момуналиев жана Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Бектемишов ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Көп өтпөй эле алардын ордуна жаңы жетекчилер дайындалган.