Кыргызстанда жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнөкөйлөтүлдү

Ведомстволор аралык жумушчу топ жер мунапысын жүргүзүүгө тоскоолдук кылган дагы башка бөгөттөрдү жокко чыгаруу жана кыскартуу багытында ишин улайт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Министрлер кабинети жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнөкөйлөтүлгөнүн жарыялады. Бул боюнча тийиштүү токтом кабыл алынды.
Президент жерлерди трансформациялоонун жана укук күбөлөндүрүүчү документтерин берүү иштеринин жүрүшүн тездетүүнү тапшырган. Ага ылайык, ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп иш алып барууда.
Буга чейинки ченемдик укуктук актылардагы айрым коллизиялар кездешип келгендигине байланыштуу аталган багыттагы иштер жеткиликтүү деңгээлде жүрбөй келген. Эми жаңы кабыл алынган жобого ылайык, жерге мунапыс берүү процесстери жеңилдетилип тездетилет. Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө жарандардын сунуштары дагы эске алынган.
Атап айтканда, жер мунапысын жүргүзүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, айрым пунктуларды тактоо, конкреттештирүү жана кайталанган ченемдерди алып салуу боюнча өзгөртүүлөр киргизилди.
Арыз ээлерине кабарлоо убактысын кыскартуу, архитектуралык-пландоо документтерин биринчи кезекте жөнөкөйлөтүү, андан кийин аларды даярдоону тездетүү жана комиссиянын кароосуна киргизүү максатында тиешелүү пунктулар жаңы редакцияда берилди.
Бул иш-чаралар объектилерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү көйгөйлөрүн чечүүгө жол ачат. Миңдеген жарандардын арызынын комиссияда каралышы бүтүп, чечимдерин жана мамлекеттик каттоо жөнүндө актылардын колго тийүүсү тездетилет.
Ведомстволор аралык жумушчу топ жер мунапысын жүргүзүүгө тоскоолдук кылган дагы башка бөгөттөрдү жокко чыгаруу жана кыскартуу багытында ишин улай турганы айтылды.
Жер мунапысы: бийлик кандай үйлөрдү мыйзамдаштыруу мүмкүн эместигин түшүндүрдү