Sputnik Кыргызстан агенттигинде өлкөдөгү Жеңил өнөр жай ассоциациясынын жетекчиси Сапар Асанов болду. Биз бул тармактын абалы, кемчилиги жана алдыдагы пландары тууралуу сүйлөштүк.
— Жыйында кандай маселелер көтөрүлдү?
— Жеңил өнөр жайы — өлкөдөгү приоритеттүү жана жалгыз көзгө басар тармак. Буга өзгөчө мамиле жана шарттар түзүлүшү керек. Мурдагы жылдарга салыштырганда абал жаман эмес. Жыл сайын 20 пайызга чейин өсүш байкалууда. Биздин рынок Борбор Азия менен Россиянын рыногу болуп эсептелинет. Ошондуктан быйыл Россиядан буюртмалар абдан көп келип баштады. Азыр эң негизги көйгөйлөрүбүздүн бири — жумушчулардын жетишпестиги. Анткени Бишкекте жакшы ишканалар салынып, мурункулар кеңейип жатат. Чоң-чоң компаниялар да өз филиалдарын аймактарга ачып баштады. Бир цехте иштеп жаткандар, мамилеси же шарты туура эмес болуп калса эле башка жумушка кетип калышат. Ошол эле учурда көп жаштар сырттан жумуш издешүүдө. Бул тармакта иштегендердин 80-90 пайызы аялдар. Шри-Ланка, Индонезия өңдүү мамлекеттерге бардык, ал жакта, тескерисинче, 60 пайызы эркектер экен. Жаштардын сыртка кетип жатканынын бир себеби — үй алуу. Анткени бул жакта тапкан-ташыганынын баары той-топурга кетет. Ошол себептен ишкананын жетекчиси, иштеп жаткан ишкер жана Мамлекеттик ипотекалык компания менен келишим түзүлүп, алдын ала төлөмү жок ипотекалык бир линия ачып берүүнү сурандык. Алдыда ушул система ишке кире турган болсо, тармак турукташабы деген үмүт бар. Экинчиден, жаңы технология бир орунда турбайт, жыл сайын жаңырат. Чыгып жаткан продукциянын сапатын жогорулатуу үчүн жакшы жабдык, тетиктер керек. Алар кымбат турат. Ошолорду сатып алганга лизинг жолун негиздеп берүүсүн сурадык. Себеби эл аралык рыноктун талабына жараша продукциянын сапатын да жакшыртып турушубуз керек. Азыр мурункуга караганда абал жакшырганы менен тетиктер абдан кымбат. Товардын электрондук коштомо кагазы да ишкерлерге кыйындык жаратты. Виртуалдык кампа түзүп, товарды канча көлөмдө чыгардың жана кайсы жакка сатканыңдын баарын көрсөтүп турушуң керек. Топчуну, жип-шууну, фурнитураны кайдан, кандай алганынан бери көрсөтүп берет. Бул өндүрүштү башкача бир көз караш менен кароочу учур келди. Кыргызстандын ичинде атаандаш эмеспиз. Биз дүйнөлүк деңгээлде, башка мамлекеттер менен атаандаштык түзүп, өз деңгээлибизди сактап, акыркы 15 жылдан бери келе жаткан атыбызды, көлөмүбүздү жоготпой алдыга жылууга шарттарды түзүү керектигин айттык. Кандай маселе болбосун чыгарып жаткан продукциябыз кымбаттап кетпеши керек. Эгер кымбаттаса, артка кетебиз. Бул экспорт, жумуш орду боюнча негизги тармак болгондуктан маселени кылдат, аяр карап жана ар бир пунктуна этият мамиле жасоо менен бир чечимге келүү сунушун бердик. Жумушчу топ менен кабыл алынган чечимдер тармакты алдыга жылдырат деген үмүт бар.
— Учурда бул тармакка кандай жеңилдиктер берилди?
— Башка тармактарга караганда жеңил өнөр жай тармагында жаңы кабыл алынган Салык кодекси боюнча жумушчу топ 8-9 ай иштеди. Биз экономикалык эсеп менен негиздеп бердик. Мамлекет жетекчилигинин астында да жыйындар өтүп, саясий чечимдер кабыл алынган. Бүгүнкү күндө төлөнүп жаткан салыктын көлөмүн жогорулатпоо боюнча да айтылган. Ошонун негизинде биздин тармакка абдан жакшы шарт түзүлдү. Мындайча айтканда, өндүрүлгөн товардын 0,25 пайызы салыкка төлөнөт (бир миллион сомго продукцияңды сатсаң, 2500 сом салык төлөйсүң — Асанов). Бирок бир шарты бар, биз кошумча нарк салыгын (КНС) кайра кайтарбайбыз. Эгер "КНСын кайтарам, кездемени сырттан сатып келем, өзүм тигип, кайра кайтарып алам" дей турган болсоң, анда жалпы режим менен иштешиң керек болуп калат. Ошол эле учурда биздин тармакта ар бир жумушчу үчүн төлөй турган киреше салыктар төмөн. Анткени ар бир аймактын орточо айлык статистикасы бар. Ошонун 40 пайызынын 12 пайызын Соцфондго, 10 пайызын киреше салыгына төлөйбүз. Башка тармактарда 27,5 пайызы Соцфонд, он пайызы салык деп чегерилген. Мындайча айтканда, алардын 12 500 сому салыкка кетип калат. Мындан тышкары, компаниянын товардык айлантмасы 30 миллион сомго чейин болсо, баланча пайыз төлөйсүң, андан ашсаң КНСын төлөйсүң деген шарттары бар. Бизде андай жок. Мамлекет тарабынан жеңилдиктер жетиштүү, бирок насыя берүү аксайт. Себеби 6 пайыздан жогору насыя алуу ишкер үчүн абдан кыйын. Ошол себептен сом менен насыяларды берүү жагы каралса жакшы болот эле.
— Тигүү тармагы Кыргызстанда мурункуга караганда абдан өстү. Аймактарга чейин иштеп жатышат. Эми тармакты кайсы багытта кеңейтүү керек?
— Пандемияда чабалдыгыбыз абдан көрүнүп калды. Кездемеден баштап фурнитуранын баарын сырттан алып келебиз. Антпесе тигүү тармагынын жашоосу кыйын болуп калат. Союз учурунда бизде пахта жакшы айдалчу. Тилекке каршы, жүндүн бир топ көлөмүн жоготуп койдук. Мурда комбинаттар 40 миң тоннага чейин жүн чыгарып, аны кайра иштетчү элек. Азыр ал комбинаттар жок. Уяң жүндүү меринос коюнун 5 миң тоннага жетпеген жүнү калды. Аны да кайра иштетүүчү комбинаттар жок. Пахтанын абалы деле ушул. Ошол себептен бул тармактагы саясаттын кийинки кадамын өндүрүшкө бурсак. Койдун санын өстүрүп, өзүбүздөн кездеме чыгара баштасак жакшы болмок.
— Бакыт Төрөбаев ушул жаатта класстер түзүүнү айтып жатты эле?
— Класстердин чынжырчасын толугу менен жапкан "Текстиль Транс" деген компания бар. Алар пахтаны өздөрү өстүрүп жатат. Мурдагы жылы Чүйдө 300 гектарга пахта айдады. Былтыр Кара-Балта жактан 200 гектар кошту. Эми 10 миң гектарга жеткирүү планы бар. Борбордук Азияда эң көп көлөмдөгү пахта өндүргөн Өзбекстан азыр бир миллиондон ашык тонна пахта өстүрүп жатат. "2027-жылы жип-шууларды да сыртка чыгарбайбыз, бир гана кездеме жана даяр продукция сатабыз" деген саясаты бар. Учурда текстиль компанияларынын баары Өзбекстандан жип сатып алышат. Жакында Өзбекстандын президенти келип кетти. Ошол жерде келишим түзүлүп, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда пахтадан кездеме чыгаруучу компания ачылат деп жатышат. Ушундай компаниялардын санын көбөйтүп, кездемелерди өзүбүз чыгара баштасак. Негизи өнүгүү стратегиябыз ушул багытта болушу керек. Анткени тиккенди, сатканды үйрөндүк. Эми кездеме, фурнитура өңдүү керектүү заттар боюнча башкаларга көз каранды болбосок. Өзбекстандан кийим тигүүдөгү өзгөчөлүгүбүз — биз модага жараша өзгөрүп кете беребиз. Дизайнерлерибиз камчы салдырбайт. Бирок так ыкмасы менен иштеген адискөй технологдор бизде өтө аз. Андыктан бул кесиптин ээлери жумушсуз калбайт.
— Жеңил өнөр жайы жакшы жолго коюлса да ички рыногубузга кийимдерибиз кеңири тарай элек?
— Ушунчалык көп кийим-кечек чыгарабыз. Өзүм деле ата мекендик өндүрүштүн костюмун кийип жүрөм. Бирок кыргызстандыктар "сырттан келген кийимдер жакшы, биздики начар" деген ойдо. Биздин ишкерлерде да күнөө бар. Себеби жакшы-жакшы продукцияларын ички рынокто калтырбай, толук сыртка сатып жиберет. 2005-жылдан бери эле Кыргызстандын жеңил өнөр жайына арнап борбор ачуу максаты менен сунуштарды киргизип келдик. Бирок, тилекке каршы, имарат жок. Сатып алууга да каражат жок экен. Бизде мындай дүкөн иштеткен эки-үч эле ишкана бар. Базарда кытай, түрк кийимдери менен аралашып кеткен. Айрым жерлер дүңүнөн сатат. Ишканалар бири-биринен моделдерин жашырат. Бүгүн ата мекендик продукция сата турган соода жайы керек болуп жатат. Бара-бара бул кемчиликтер оңдолот деп ишенем. Себеби буга потенциал бар.
— Тигүүчүлөрдүн жетишсиздигин кантип чечебиз?
— Алар бир ишканада иштебей, улам жумуш которуп айланып эле жүрүшөт. Жумуш оруну көп эле, бирок жарандарыбыз сыртка чыгып кетип жатат. Сыртка кеткен себебине анализ жүргүзүп көрдүк. Тигүү цехтериндеги жумушчулардын жаш курагы көбүнчө 35-40 жаштан өйдө, үйлөнүп-жайланып калгандар. Жаштар азыраак. Ошол себептен ипотекалык негизде үй алуу сунушун бердик. Курулуш компанияларына да социалдык долбоорлор менен иш алып барууну сунуштасак жер жок экенин айтышты. Ушул кийим тигүү цехинде иштегендердин иштеген жери аркылуу ипотека менен үй алуу маселесин чечип берсек, ички-тышкы миграция да токтоп, тигүүчүлөр туруктуу эмгектенмек. Чыгарган продукциянын көлөмү да көбөйөт эле.