ЭВФ дүйнөлүк экономика тушуга турган кыйынчылык тууралуу эскертти

Украинадагы чатактын кесепети жана дүйнөдөгү монетардык саясаттын катаалданышы ИДПнын глобалдуу өсүү темпине таасирин тийгизгени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) бөлүштүрүүчү директору Кристалина Георгиева аталган уюм 2023-жыл дүйнөлүк экономикада кыйын учур болорун божомолдоп жатканын айтты.
"Глобалдуу экономика бир нече убакыттан бери шок артынан шок болуп, олку-солку абалында турат. 2023-жыл өтө кыйын мезгил болот деп күтүп жатабыз", — деп айтылат ЭВФтин башчысынын Кытайдагы форумда жасаган докладында.
Георгиева Украинадагы чатактын кесепети жана дүйнөдөгү монетардык саясаттын катаалданышы ИДПнын глобалдуу өсүү темпине (2023-жылы 3 пайыз деп болжолдонууда) өзүнүн таасирин тийгизип жатканын белгилеген.
Шейшемби күнү Кытайдын Хайнань аралындагы Боао аймагында бейрасмий "чыгыш Давосу" деп аталган экономикалык форум өттү. Ал 2001-жылы түптөлгөн.
Форум Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташуу менен координацияны өнүктүрүү, башка региондор менен экономикалык байланышты ыкчамдаштыруу үчүн уюштурулган. Расмий тараптар, ишкерлер, окумуштуулар, адистердин ортосунда экономикалык, социалдык жана башка маселелер боюнча диалог түзүп берген платформа түптөө максаты да коюлган.
Карызды кайтаруучу мезгил келди. АКШ экономикасы эмнеге кептелет?