Бишкекте саунада сойкукана уюштурган деп 41 жаштагы аял кармалды. Сүрөт

Кармалган аял администратор болуп иштеген саунанын ээсинин бул ишке катышы бар-жогу текшерилүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкекте кыздарды сойкулукка үндөп, алардан интимдик кызматтар үчүн акча алып жүргөн деген шек менен 41 жаштагы К.А. аттуу аял кармалды. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.
Бишкекте кыздарды сойкулукка үндөп, алардан интимдик кызматтар үчүн акча алып жүргөн деген шек менен 41 жаштагы К.А. аттуу аял кармалды
Ага ылайык, Кылмыш иликтөө бөлүмүнө Жумабек көчөсүндө жайгашкан сауналардын биринде администратор болуп иштеген аял көп убакыттан бери сойкукана уюштуруп жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Анда интимдик кызмат көрсөткөн кыздарды телефон аркылуу чакырып, алардан кардарлар төлөгөн акчанын 30 пайызын алып жүргөнү аныкталган.
Мындан улам милиция атайын кардар жөнөтүп, ал акчаны аялга берген учурда кармашкан. Шектүү ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Чогултулган материалдардын негизинде Ленин райондук милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси ("Сойкулукка жана бузукулукка үндөө") менен иш козголгон. Учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды табуу боюнча тергөө иш-аракеттери уланып жатат. Ошондой эле кармалган аял администратор болуп иштеген саунанын ээсинин бул ишке катышы бар-жогу текшерилүүдө.
Кыргызстандан 1,2 млн. долларлык героин алып чыккан Тажикстандын жараны кармалды