WTF Садыр Жапаровго таэквондо боюнча ардактуу дан ыйгарат

Мындай рангды буга чейин бир катар өлкөлөрдүн президенттери алган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Дүйнөлүк таэквондо федерациясынын (WTF) президиуму таэквондо боюнча ардактуу тогузунчу данды президент Садыр Жапаровго ыйгарууну чечти. Ал жакын арада өзүнө тапшырылат. Бул тууралуу WTF президенти Чунг Вон Чон министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушууда билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташууну, ошондой эле спорттук медицинаны өнүктүрүү маселелерин талкуулашкан.
1 / 3

Дүйнөлүк таэквондо федерациясынын (WTF) президиуму таэквондо боюнча ардактуу тогузунчу данды президент Садыр Жапаровго ыйгарууну чечти

2 / 3

Бул туурасында WTF президенти Чунг Вон Чон министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушууда билдирди

3 / 3

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташууну, ошондой эле спорттук медицинаны өнүктүрүү маселелерин талкуулашкан.

Белгилей кетсек, тогузунчу дан — чеберчиликтин эң жогорку даражасы. Аны таэквондону жайылтууга салым кошкондорго ыйгарышат. Мындай рангды кезинде Казакстан, Россия, АКШ, Индонезия, Гондурас, Испания, Хорватия, Пакистан мамлекеттеринин президенттери жана БУУнун экс-баш катчысы Пан Ги Мун алган.
24-31-июль күндөрү Бишкекте биринчи жолу таэквондо (GTF версиясы) боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Ага 20 өлкөдөн 1500дөй спортчу катышары күтүлүүдө.
Спикер Шакиевге "Ардактуу профессор" наамы ыйгарылды