Радио

Акушер-гинеколог: ич кийимди туура кийүү да ден соолук үчүн маанилүү

Акушер-гинеколог Гүлзат Кабылова интимдик жуунуучу каражаттарды колдонбоону сунуштады.
Sputnik
Ич кийимди туура кийүү ден соолук үчүн маанилүү. Өзгөчө өспүрүмдөрдүн ич кийим тандоосуна ата-эне көңүл бурушу зарыл. Бул тууралуу Гүлзат Кабылова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 16 жашка чейин айызы келбеген кыздарды дарыгерге көрсөтүү керек.
"Ич кийимге биз олуттуу көңүл бурбай коёбуз, бирок адамдын саламаттыгы үчүн бул маанилүү. Табигый заттардан тигилген, өзүнө өтө чоң эмес, ошол эле учурда кыспаган, кыймылга ыңгайлуу ич кийим тандоо керек. Кыздар чоңоюп келе жаткан куракта бул абдан олуттуу кадам болуп эсептелет. Ич кийимдерди кооздугуна эмес, ыңгайына карап сатып алуу зарылдыгын апалары кыздарына түшүндүрүшү абзел. Муну менен катар эле интимдик жуунуучу каражаттарды колдонбой эле койгон жакшы. Тилекке каршы, алардын курамында түрдүү химикаттар болуп, ал жыныс органдарынын флорасын бузуп, аллергияны пайда кылып же башка ыңгайсыздыктарга алып келиши мүмкүн. Гигиенаны сактоодо да нукура заттардан даярдалган каражаттарга басым жасоо зарыл", — деди Кабылова.
Гинеколог өсүп келе жаткан уул менен организминдеги гормондук өзгөрүүлөр тууралуу аталардын сүйлөшүүсү зарыл экенин белгиледи.