Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Артемовскини алдырып жиберүүнүн кесепети кандай болорун айтты

Украина башчысынын айтымында, жаңжалдын дал ушул мезгилиндеги жеңилүү "украин күчтөрүнүн жоокердик демин суутуп коёт".
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина Артемовскиде (Украинадагы аталышы Бахмут) жеңилүүгө дуушар болсо, Киев эл аралык коомчулуктун басымына кабылып, ал эми өлкө ичинде аны Россия менен эпке келүүгө мажбурлоо башталарын билдирди.
Өлкө башчысы "Ассошиэйтед Пресс" агенттигине маек курган. Баарлашуунун айрым учурларын РИА Новости таратты.
"Эл чарчаганын сезет. Коомчулук мени тигилер менен компромисске келүүгө мажбурлай баштайт", — деген Зеленский маегинде.
Ал жаңжалдын дал ушул мезгилиндеги жеңилүү украин күчтөрүнүн жоокердик демин суутуп коёрун белгилеген.
"Ассошиэйтед Пресс" Зеленскийдин сөзү Артемовскидеги жеңилүү кымбатка турган саясий утулуш болорун моюндоо экенин жазды.
Артемовск Горловка шаарынан түндүктү көздөй кеткен жерде жайгашкан. Донбасстагы украин аскерлерин жабдуу үчүн маанилүү транспорттук түйүн болуп саналат. Шаар үчүн жарым жылдан бери аёосуз согуш жүрүп келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Артемовск менен Авдеевка — демилитаризациянын негизги түйүнү. Атайын операция