50 жыл мурда америкалык аскерлерди Түштүк Вьетнамдан алып чыгуу аяктаган. Видео

АКШ Вьетнамда адамдын оюна келбеген аскердик кылмыштарды жасаган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. АКШда согуш "вьетнам синдромун" ― чет жактарда коомчулуктун америкалык аскерлерге жипкирүү менен караган нерсесин пайда кылды.
1973-жылы 29-мартта америкалык аскерлерди Түштүк Вьетнамдан алып чыгуу аяктаган. Бул датага карата Sputnik Ближнее зарубежье тарыхый видеону таратты.
Вьетнамда согуш расмий эки ай мурдараак аяктаган. Париж тынчтык келишимине 1973-жылы 27-январда, төрт жылдык сүйлөшүүлөрдөн соң кол коюлган.
АКШ Вьетнамда адамдын оюна келбеген аскердик кылмыштарды жасаган. Напалм менен фосфордун оту айылдарды толугу менен өрттөп кеткен. Ал кезде өтө уулуу болгон диоксин колдонулган.
Ар кыл маалыматтарга таянсак, ошол согушта 966 миңден 3 миллионго чейин жай жарандар менен вьетнамдык аскерлер каза болгон. Ал эми АКШ 58 миң адамынан айрылган деп айтылып келет.
Маскара болгон Пентагон: АКШнын Вьетнам согушунда жеңилгенине 50 жыл толду