ЭОК россиялык спортчулардын укугун чектөөнү сунуштады. Москванын жообу

Россиянын Олимпиада комитетинин башчысы мындай демилгени адам укуктарын бузуу деп атады.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Эл аралык олимпиада комитетинин (ЭОК) аткаруу комитети россиялык спортчуларды мелдешке киргизүү маселеси менен алектенген атайын комиссия түзүүнү сунуштады.

“Бул комиссия РФ спортчуларынын ачык билдирүүлөрүн, анын ичинде социалдык тармактарга жарыялаган постторун карашы керек. Аскердик демонстрацияларга же иш-чараларга катышканы, ошондой эле Украинадагы согушту колдогон бардык символдорду, мисалы, Z белгисин колдонгону каралат”, — деп маалымат тараткан аткаруу комитети.

Ошондой эле дүйнөлүк мелдештерге Украинадагы атайын операцияны колдобогон россиялык спортчуларды нейтралдуу атлет катары гана катыштырууга уруксат берүү сунушталган.
Ал эми Россиянын Олимпиада комитетинин башчысы Станислав Поздняков мындай демилгени адам укугун бузуу деп атады.
“Эл аралык олимпиада комитетинин азыркы критерийлери — адам укуктарын бузуу, дискриминация. Биз кошумча допинг-тестирлөөгө караманча каршыбыз. Ал эми командалар боюнча паспортуна эле карап эмес, спортунун түрүнө да карап дискриминациялоодо. Аткаруу комитетинин чечими Эл аралык олимпиада комитетинин жана БУУнун принциптерин бузат”, — деди Поздняков.
Ошондой эле ал бардык өлкөлөрдүн спортчуларына бирдей шарттар түзүлүшүн талап кыларын билдирди.
Спортту да геосаясатка аралаштырып... Батыштын русофобиясы тууралуу ой толгоо