Кыргызстан менен Россия кайсы тармактарда биргелешкен ишканаларды ачары айтылды

Иш-чарага Россиянын “КамАз”, "Росатом" жана "Уралвагонзавод-Транс" ири ишканалары катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Өнөр жай өндүрүшүнүн релокациясы Кыргызстан менен Россия кызматташтыгынын стратегиялык багыты болуп саналат. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын өнөр жай боюнча жумушчу тобунун жыйынында билдирди.
“Кыргызстан Россия менен жашыл экономика, фармацевтика, кайра иштетүү, айыл чарба азыктары, тоо-кен өнөр жайы сыяктуу тармактар боюнча биргелешкен ишканаларды ачууну карап жатат. Өлкөбүздө импорттун ордун алмаштырууну өнүктүрүү үчүн бардык ресурстарыбыз жетиштүү, экспорт жана импортко чектөө жок, либералдуу мыйзамдар жана бай жаратылыш ресурстарыбыз бар”, — деди Үсөнбекова.
Аткаминер Кыргызстан Россия менен кызматташтыкты бекемдөө жана экономикалык интеграцияны өнүктүрүү үчүн бардык күчүн жумшай турганын кошумчалады.
Ал эми Россиянын соода жана өнөр жай министринин орун басары Алексей Груздев бул иш-чаралар жаңы идеяларды жаратарын белгиледи.
“Бул жерде өндүрүштөр түзүлүүдө, кээ бирлеринде келечекте Россияга экспорттоло турган продукциялар түптөлүп жатат. Кеп өнөр жай кооперативдери, өндүрүштөрдү жайгаштыруу, өндүрүштүн жаңы кубаттуулуктарын түзүү жөнүндө болууда. Биз ага даярбыз. Алдыда жемиштүү сүйлөшүүлөр болот деп ишенем. Жалпы байланыштар ар дайым жаңы идеяларды жаратып келген", — деди Груздев.
Иш-чарага Россиянын ири ишканалары катышууда, анын ичинде “КамАЗ”, "Росатом" жана "Уралвагонзавод-Транс" бар.
Эртең, 29-мартта, Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын соода-экономика, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча жыйыны өтөт. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россия өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук жетекчилик кылат.
"КамАЗ" Ош шаарына тейлөө борборун ачат