Дыйкандар жеңилдетилген насыяны мал чарбасына көп алат. Статистика

"Айыл чарбасын каржылоо" долбоору 2013-жылы башталган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. "Айыл чарбасын каржылоо – 11" долбоору боюнча жыл башынан 27-мартка чейин 190 миллион 675 миң сом кредит берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Негизинен насыянын бул түрү дыйкандарга эки категория боюнча берилет:
өсүмдүк өстүрүү категориясы — 78 насыя (33,9 миллион сом);
мал чарбачылык категориясы — 329 насыя (156,7 миллион сом).
"Айыл чарбасын каржылоо" долбоору 2013-жылы башталган. Долбоор аркылуу дыйкандар жеңилдетилген шарттагы кредиттерди ала алат. Мурда элеттиктер каражатты жети банк аркылуу алып келсе, быйылтан тарта "Айыл банк" менен "РСК банктан" гана алууга мүмкүн.
Радио
Дыйкан-фермерлерге өкмөттөн 150 миң сом гана жеңилдетилген насыя берилет