"КамАЗ" Ош шаарына тейлөө борборун ачат

Май айында адистер калаага келип ылайыктуу жерлерди изилдеп кетишери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. "КамАЗ" Ош шаарына тейлөө борборун ачат. Бул тууралуу "ВТК КамАЗ" компаниясынын Орто Азия боюнча директору Любовь Тюрина билдирди.
Ал бүгүн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын өнөр жай боюнча жумушчу тобунун жыйынында сүйлөдү.

“Ошко тейлөө борборун ачуу пландалууда. Майда биздин адистер шаарга барып ылайыктуу жерлерди изилдеп келишет. Ошондой эле кыргызстандык кесиптештер менен тажрыйба бөлүшөт”, — деди Тюрина.

Ошону менен катар ал Кыргызстанда жакында жүк ташуучу унааны чогултуу иштерин баштоо пландалып жатканын белгиледи.
Эртең, 29-мартта, Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын соода-экономика, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча жыйыны өтөт. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россия өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук жетекчилик кылат.
Жамалдинов Россиядан келген делегация менен Ошко мектеп курууну талкуулады