Бишкекте Сергей Рахманиновдун юбилейине арналган сынак өтүп жатат

Конкурстун катышуучулары марттын соңуна чейин Рахманиновдун, орус, кыргыз жана дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын аткаруу боюнча чеберчиликтерин көрсөтүшмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Борбор калаада композитор Сергей Рахманиновдун 150 жылдык юбилейине арналган жаш аткаруучулардын "Приношение русской музыке" деп аталган сынагы өтүп жатат.
"Русский дом" музыка майрамы Мураталы Күрөңкөев атындагы Мамлекеттик музыкалык училищеде болуп жатканын кабарлады.
Быйыл сынакка 10 жыл болгонун анын жетекчиси Венера Сатылганова айтып берди. Кызыккан жаштардын саны жыл сайын өсүп, катышуучулар географиясы да кеңейгендигин кошумчалады.
"Бүгүнкү күндө Бишкек, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан 200гө чукул балдарды жыйнадык. Бул сынак жаш таланттарга сындан аркы жолунда чыгармачылык жакшы жолдомо берет. Өткөн жылдардагы конкурстун жеңүүчүлөрү учурда Россияда жана башка чет жактарда билим алып, өздөрүнүн талантын көрсөтүп келишүүдө", — деген Сатылганова.
Конкурстун катышуучулары марттын соңуна чейин Рахманиновдун, орус, кыргыз жана дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын аткаруу боюнча чеберчиликтерин көрсөтүшмөкчү.
Лауреаттарга эстелик байгелер жана дипломдор тапшырылат. 14-19 жаштагы мыкты аткаруучу Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн атайын байгеси менен сыйланат. Ал аны менен катар эле "Здравствуй, Россия!" деп аталган билим берүүчү экскурсиялык сапардын катышуучусу болот.
Жеңүүчүлөрдүн ысымдары 1-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын малахит залында, саат 13:00дө башталмакчы.
Сынактын медиаөнөктөшү — Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу.
Бишкекте жаш аткаруучулардын сынагы өтөт. Катышуунун жол-жобосу