Батышта каржы кайгысы. Кырдаалга сереп

Эл аралык валюта фондунун башчысы учурдун урунттуу жагдайларынан кылдат түрдө кеп кыйытты. Эртеңки күндөн күмөнсүнүү "өтө жогорку деңгээлде" экенин баса белгиледи Кристалина Георгиева.
Sputnik
Елена Караева
Анын баамында, "дүйнөнүн араздашкан жаңы геосаясий блокторго бөлүнүү коркунучу алардын ортосундагы экономикалык жана айыгышкан атаандаштыкка" кептейт. Ошондой эле "жакырлануу эч кимди кыйгап өтпөшү мүмкүн" экени түшүнүктүү. Ушундай оюн ортого салган серепчи Елена Караеванын кезектеги макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Эл аралык валюта фондунун жетекчиси тарабынан айтылган бул көз караш менен Макрон, Шольцтун "европалык банк жана европалык каржылык тутумдун туруктуулугу" туурасында айткандары асман менен жердей. Германиялык канцлер менен франциялык президент кырдаалды андай көкөлөтүшкөнү менен ошол эле күнү Deutsche Bank акциялары кескин төмөндөп кеткенине жол болсун.
Меркелдин тушунда Каржы министрлигин жетектеп турган Шольц "кирешелүү банк" (өзү айтмакчы) баарынан айрылып, капитализациядан тарта инвесторлордун ишенимине дейре ажыраганын билбей калмак эмес.
Макрон да каржы ааламына чоочун киши эмес. Бирок коомчулукту жооткотууну көздөгөнүбү, "баары жакшы, тынчсыздануунун кажети жок" деп ынандырууга тырышты франциялык лидер. Бирок америкалык банктар менен тыгыз байланышкан европалык каржылык система албууттанган толкунга кабыла баштагандай. Инфляция күчөгөн сайын анын толкундары да ошончолук бийик болору бышык. Европа борбордук банкы "арзан акчанын" (төмөн ставкалуу насыялар) доору аяктаганын баарына ачыктоого тийиш, бирок азырынча ал кыйынчылыктарды ооздуктоо менен алек.
Чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн өкмөттөрү экономикаларга миллиондогон евролорду салып кынык алышкан. Эми алар да эртеңки күндү пландоону кайра карап чыгууга аргасыз. Россиялык энергетикалык ресурстар, сырьё, эбегейсиз россиялык рыноктун жоктугу аларды кыйсыпырга салары турулуу. Европа биримдиги Россияга каршы чектөө чараларын салтанаттуу түрдө киргизип жатканда дал ушул жогорку мартабалуу банкирлер, дасыккан финансисттер баш чайкап, натуура кадам экенин айтып чыгышкан.
Алардын арасында ошол эле Deutsche Bank башчысы да бар эле, бирок кулак салган киши болгон эмес. Бир отчёттук күн менен жашашкан жалпы европалык саясатчылар кайсы бир учурда каржы тутуму менен банктар азап тартып каларын туюшкан эмес.
Европа биримдигине кирбеген Швейцария Credit Suisse системасын сактап калуу үчүн болжол менен 50 миллиард франк сарптоого аргасыз болуп туру. Салыштыруу үчүн белгилей кетели, Альпы конфедерациясынын ички дүң өндүрүмү 800 миллиард франкты түзөт.
Берн кырдаалдын кайталанбашы үчүн Credit Suisse башка бир банкка (USB) түртүүдө. Credit Suisse бухгалтериясына ишенбөө керектигин акыркы сегиз жылда баары билип калганы ырас.
Инвестменеджер Патрис Лескодрон кардарларынан (арасында орус байлары да болгону маалым) жүздөгөн миллиондорду кымырып алганы айтылат. Отчётторду фотошоп кылып, сандарды кошуп жазганы, бирок Credit Suisse андайга көз жуумп келгени да белгилүү. Лескодронду соттоп (уурдоону далилдеп, бирок банк жетекчилиги жоопкерчиликтен буйтай алган), абакка салышкан.
Инфляция күч алса, рецессия башталып, жумушсуздук эмгек рыногун каптаганда өндүрүш көлөмү түшүп кетет. Анткен менен ак жакалуулар – улуттук да, глобалисттик да бийлик өкүлдөрү мунун баарын кулактын кужурун алган чымын-чиркейдин добушундай көрөт. Бирок банктар алсырай баштаганда глобалисттер да өз ара дүрбөлөңгө түшүп, ал эми инвесторлорду качырып жибербөө үчүн баарын жооткотуп киришет. Шольц менен Макрондун Брюсселдеги билдирүүлөрү – дал ошондой психотерапия сымал көрүнүш.
Инвесторлордо да акыл жок эмес, андайды туйгандары акырын каражаттарын чыгарып кетүүнүн жолун издеп, бийлиги каржылык кырдаалды көзөмөлгө алган жактарга кылдат которууга умтулушат.
Он беш жыл оболу бир гана Lehman Brothers банкынын банкрот болушу планеталык деңгээлдеги каатчылыкка дуушар кылган. Элестетип көрүңүз, азыркыдай геосаясий тиреш күч алып турган убакта үч, төрт, беш банк кыйраса, анын эпкини эмнелерге тиет, кимдерди гана жалмабайт? Ошентип Батыштын саясий тутумуна гана эмес, каржылык пайдубалына да доо кетти. Азабы катуу болчудай.
Европа сөз эркиндигин Россиядан коргоодо. Ой толгоо