Жапаров: автобустарга камера коюп, туура эмес токтогон унааларга айып салуу керек

Бишкек мэри калаанын бардык аймагына 18 айланма жол куруу пландалып жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров борбор калаадагы жол кыймылынын көбөйүшүнөн улам чыккан көйгөйлөрдү чечүүнүн бир варианты катары коомдук автобустарга туура эмес токтотулган автоунааларды жазып кала турган видеокамера орнотулушу керектигин жана анын негизинде айып пул салуу боюнча айтты.
Өкмөттүн маалымат кызматы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясында шаардагы жол кыймылынын көбөйүшү, ыш маселесин чечүү жана таштандыларды өз убагында чыгаруу сыяктуу негизги көйгөйлөрдү чечүү боюнча жумушчу кеңешме өткөргөнүн билдирди.
Ал дүйнөнүн көптөгөн ири мегаполистеринде оор жүк ташуучу автоунааларга шаардын борбордук бөлүгүнө кирүүгө тыюу салынганын, андай техникалардын катташы үчүн айланып өтүүчү жолдор жана түйүндөр бар экендигин белгилеген.
"Автоунаа токтотуучу жайлар боюнча маселени чечүү керек. Биздин айдоочулар автоунаа токтотуучу жай катары көчөнүн машина жүрүүчү бөлүгүн, кээде тротуарларды колдонушат. Ар бир автобуска туура эмес токтотулган унааларды жазуу үчүн видеокамера орнотулушу керек. Бул кадам "Коопсуз шаар" линиясы аркылуу өткөрүлүп, айдоочуларга туура эмес токтоткондугу үчүн айып пул түрүндө берилиши керек", — деген министрлер кабинетинин башчысы.
Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардын бардык аймагына 18 айланма жол куруу пландалып жатканын билдирген. Алар калаанын борбордук жана экинчи катардагы көчөлөрүндөгү автоунаа тыгындарын азайтат деген отчетун берген.
Жапаров сунушталган долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, бардык аткарыла турган иштер жарандардын жашоосун жакшыртышы керектигин белгилеген.
Бишкек мэриясы өтө ылдам жүрүүчү автобустарды жүргүзүүнү сунуштоодо