Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Украина армиясы Артемовскиде күнүнө 200гө чукул кишисин жоготууда

Украинанын аскерлеринин ири жоготуулары Киев режимин шаар үчүн салгылашууну улантуудан баш тарттырарын айтышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Украина армиясы Артемовск үчүн болгон салгылашта күнүнө 200гө чукул кишисин жоготууда, ал эми шаар дээрлик жер менен жер болуп калды. Бул тууралуу The Sunday Times жазганын РИА Новости билдирди.
"Артемовск үчүн болгон салгылашта аны толук жок кылышты, элдин 90 пайызы – 70 миңге чукул жашоочу качты. Украиналык аскерлер күнүнө 100-200 жоокеринен ажырап жатат", — деп айтылган маалыматта.
Анда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн ири жоготуулары Киев режимин шаар үчүн салгылашууну улантуудан баш тарттырары белгиленген.
Артемовск шаары Горловканын түндүгүнө карай жайгашкан. Бул Донбасстагы украиналык аскерлердин топторун керектүү нерселер менен камсыздай турган маанилүү түйүн. Калаа үчүн айыгышкан салгылаш жарым жылдан ашуун убакыттан бери уланууда.
Акыркы маалыматтарга таянсак, союздук күчтөр Артемовскинин 70 пайызга жакынын бошоткон. Азыркы кырдаал каршылаш тарапка Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн катарын толуктап жана согуштук комплектилерди жеткирип берүүдө көйгөй жаратууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Артемовскидеги "химиясы". Жазасыз калбасы анык