Европалык окумуштуу Евробиримдиктин урай турганы боюнча айтууда

Адис Евробиримдиктин олуттуу тарыхый келечегин көрбөй тургандыгын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Батыштын дөө-шаа мамлекеттери жакырланып, алэми “акчанын болгон күчү” апийим согушуна чейинки мезгилдегидей болуп (кырдаал) кайрадан Азияга көчөт. Мындай божомолун Прагадагы Борбордук университеттин маданий антропология боюнча адиси, профессор Иво Будил билдиргенин "Прайм" агенттиги жазды.
Чехиялык Parlamentni Listy басылмасы окумуштуунун айтканына таянып, жакынкы аралыктарда европалык мамлекеттер мигранттар менен качкындар үчүн да кызыкчылык жаратпай каларын белгилеген. Будил буга аймактын кедейленип бара жатканы себеп болорун белгилеп, дүйнө үчүн Батышта эмне болуп жатканы мааниге ээ эмес деген тейде пикирин билдирген.
"Бул БРИКС биримдиги, андан сырткары, улам төмөндөп бара жаткан миграция агымынан байкалууда. Себеби мигранттар үчүн да бул континент кызыкчылык жаратпай калды. Европанын жакырлануусу уланууда", — деген ал.
Будиланын пикиринде, бул кырдаал күтүүсүз болгон жок.
“Эртеби-кечпи, Батыштын, өзгөчө Америка Кошмо Штаттарынын агрессиясы каршылыкка кабылмак. Андыктан таңгалбай-этпей эле бул тенденция болорун күткөм. Бул геосаясий кайра баалоонун ири белгилеринин бири, тагыраагы, тараза ташы апийим согуштары болгонго чейинки абалга — Азияга ооп барат", — деген ал өзүнө берилген суроолордун бирине жооп берип жатып.
Адис Евробиримдиктин олуттуу тарыхый келечегин көрбөй тургандыгын белгилеген.
"Бул урап түшүү жай жана тынч өтөт деп үмүт кылам", — деп кошумчалаган профессор.
АКШ дүйнөнү кайрадан бөлүштүрүүгө киришкендей. Бул жолу кимди садага чабат?