Жапарова акча тараткан жок, муфтий 150 миң сом боюнча кеңеш берген эмес. Төгүндөө

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан да маалымат калп экенин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктарга биринчи айым Айгүл Жапарова Орозого карата акча таратат деген маалымат жалган, ага ишенип алданып калбоого чакырабыз. Мындай төгүндөөнү президенттин администрациясы таратты.
Анда маал-маалы менен Айгүл Жапарованын атынан жасалма аккаунттар ачылып, чындыкка коошпогон маалыматтар жайгаштырылып жатканы айтылган. Бул баракчалар Айгүл Жапаровага таандык эместигин эскертишип, жалган маалыматка ишенбөөгө, алданбоого чакырышты.
Ал арада Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан "муфтий күнүнө 150 миң сомдон кантип киреше тапса болорун айтты" деген маалыматтын дагы калп экенин билдиришти.
Буга чейин да социалдык тармактарда президент Садыр Жапаров ар бир үй-бүлөгө 15 миң сомдон таратып жатат деген маалымат тарап, аны да президенттик администрациядан төгүндөшкөн.
Интернет аркылуу акчаңызды шыпырып кеткендерден абайлаңыз. ИИМден кеңеш