Путин: Россиянын акталган ураны бар ок-дарыга жооп кайтарчу нерсеси бар

Акталган ураны бар снаряддардан кийин ал колдонулган аймакта радиоактивдүү чаң басырылып калат, ал өтө уулуу келип, дезактивацияланбайт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Украина курамында акталган ураны бар ок-дары колдоно турган болсо Россия тиешелүү жооп кайтарат. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин "Россия 24" телеканалынын "Москва. Кремль. Путин" программасына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, мындай курал колдонгондор дээрлик өз элине каршы согуш жүргүзүп, айдоо аянттарын ууландырат.
Эскерте кетсек, шейшемби күнү Улуу Британиянын коргоо министри Лондон Challenger 2 танкаларына кошуп Украинанын Куралдуу күчтөрүнө акталган ураны бар ок-дары берерин жарыялаган.
Мындай снаряддардан кийин ал колдонулган аймакта радиоактивдүү чаң басырылып калат, ал өтө уулуу келип, дезактивацияланбайт. Мындан тышкары, бул ок-дары онкологиялык ооруларды шартташы мүмкүн. АКШ аскер күчтөрү акталган уран камтылган снаряддарды 1991-жылкы операцияда, 1999-жылы Югославияны бомбалоодо жана 2003-жылы Иракка киргенде колдонгон.
Владимир Путин мындай куралдын жеткирилишине тиешелүү жооп кайтарыларын эскертти.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия британиялык акталган уранга кандай чара көрөт? Сереп